Новости

Ош шаарындагы алгачкы iTalk

15 – декабрда Ордолуу Ош шаарындагы, Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунун имаратында, «Борбордук Азиядагы Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы» (IDEA CA), массалык маалымат каражаттарындагы (ММК) сөз эркиндиги темасында, алгачкы iTalk иш чарасын өткөрдү. Иш чаранын негизги максаты жаштар менен биргеликте массалык маалымат каражаттарындагы сөз эркиндигинин күңгөй тескейин талкууга алуу болду.

Иш чарага Ош шаарындагы белгилүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды. Сөз эркиндигинин орду тууралуу кызыктуу маекти «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын башкы директору Садиев Данияр,   «2 канал»  телерадиокомпаниясынын «Жанылыктар» болумунун башкы редактору Газиева Гульзат, «Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Нурматов Эрнист жана  «ЭлТР»  Мамлекеттик Теле Радио кампаниясынын Генералдык директорунун орун басары Адаев Нурлан  куруп беришти. Талкууда спикерлер тарабынан Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы коңшу өлкөлөрдүкү  менен салыштырылып, бүгүнкү күндөгү сөз эркиндигинин мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары айтылды. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын объективдүүлүгүнө баа берилип,  мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ММК лардын редакциялык саясатттарындагы  айырма кеңири талкууга алынды.

Талкуу учурунда Гүлзада  аттуу айымдын Мамлекеттик ММК лардагы цензура жөнүндөгү берген суроосу кызуу талкуу жаратып, баардык спикерлер бул жөнүндө өз ойлорун билдиришти.

Талкуунун жалпысынан 50 дөн ашык Ош шаарынын жаштары катышып, спикерлер менен биргеликте сөз эркиндигинин негизги маселелерин ортого салышты. Иш чаранын аягында спикерлер жаштарга кеңештерин берип, жаштар спикерлерге ыраазычылык билдиришти.

iTalk иш чарасы «Борбордук Азиядагы Эл аралык Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы»  Коомдук фонду «National Endowment for Democracy» (NED) менен биргеликте Кыргызстан, Казакстан жана Таджикистандын жаштарынын катышуусу менен «Жаштар демократиялык келечектин негизи» аталышындагы долбоордун алкагында ишке ашырылды.

 

 

 

 

Ленты новостей